Кара-Көлдө айдоочу унааны башкара албай, 2 бир тууганды сүзгөн. Бирөөсү жеринде көз жумду

Кара-Көлдө унаасын башкара албай, жолдон чыгып кеткен айдоочу жөө адамдар өтүүчү жолдо бара жаткан бир туугандарды сүзгөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында болгон. 2003-жылы туулган жигит Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, бурулуштан унаасынын рулуна ээ боло албай, жолдун оң тарабына чыгып кеткен. Бетондон жасалган арыктан өтүп, жолдо бара жаткан 16 жана 15 жаштагы бир туугандарды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм жаракат алып, 16 жаштагы өспүрүм окуя болгон жерде көз жумган.