Кара-Көлдө быйыл да жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти (видео)

Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт 29-декабрга караган түнү 00:50 чамасында чыккан. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты былтыр да өрттөнүп кеткен. 2022-жылдын 23-декабрь күнү саат 05:00 чамаларда милицияга чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарланган. 2021-жылы да жыл жаңырар алдында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.