Кара-Көлдө шаардык кеңештин төрагасы менен депутаты кармалды

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Тактап айтканда, шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н. шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп туруп, шаардык кеңештин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине 2024-жылга карата «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган депутат К.Б.Н. коомдук талкууга социалдык-тиричилик жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жасалма тоскоолдук жаратып, ошону менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана кармалган адамдардын башка кылмыш фактылары аныкталууда.