Кара-Көлдөгү жол кырсык. Унаа башкарган өспүрүм 5 досунан айрылды

Буга чейин ӨКМден Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумганын билдиришкенСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан Subaru Outback унаасын 2005-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жатып, унаа анын атасына катталганын, ал рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм көз жумганын маалымдашкан. Ошол күнү ооруканада 2006-жылы туулган дагы бир өспүрүм каза болгон. 29-августта дагы бир 2007-жылы туулган өспүрүм көз жумду.

Шаардык ооруканадан билдиришкендей, кечээ, 30-августта 2006-жылы туулган дагы бир өспүрүм көз жумган. Ал эми унаанын 2005-жылы туулган айдоочусу ооруканада жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, унаадагылар дос болушкан.