Кара-Кулжада 16 жаштагы өспүрүм энелеш бир тууганын өлтүрүп, сарайга асып койгон делип жатат

Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык тескөөчүдөн 9-сентябрга караган түнү Кызыл-Жар айыл аймагынын Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы кыз киши ошол эле айылга караштуу Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болуп калганын билдирген. Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 136-берененин (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук медицина экспертиза дайындалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Маркумдун денесин кылдат текшерүү максатында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнө (адам өлтүрүү) квалификацияланган.

Жогорудагы факты боюнча шектүү катары Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну кармалып, 11-сентябрда Кара-Кулжа РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып, асып койгондугу белгилүү болгон. Кылмышка шектүү менен жабырлануучунун атасы башка, энеси бир болгон. Алар сөз талашып уруша кетип, аягы өкүнүч менен аяктаган. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүү катары өтүп жаткан жарандын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Кара-Кулжа райондук сотунун тергөө судьясына өтүнүч келтирилип, анын бөгөт коюу чарасы катары 2 айга камакка алуу түрү тандалып алынды. Бүгүнкү күндө  аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.