Кара-Кулжада 27 жаштагы келинди энелеш бир тууганы асып койгон делген окуя. Маркумдун артында 3 кызы калды

Кара-Кулжада жансыз денеси асылган абалда табылган 27 жаштагы келиндин артында 3 кызы калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жолдошунун классташы билдирди.

Маалыматка караганда, келин эгиздердин бирине турмушка чыккан, өлүмүнө себепкер делген өспүрүм экөөнүн аталары бөлөк, энеси бир. «Маркум Кара-Кулжанын Тоготой деген айылына турмушка чыккан. Аяшым 3 кызын алып, өз үйүнө конокко барган. Менин угушумча ал ошол күнү иниси менен чатакташа кеткен экен. Артында 3 кызы калды», — деди ал.

Келиндин өлүмүнө анын энелеш бир тууганы — 16 жаштагы өспүрүм шектелип жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып, асып койгон. Шектүү 2 айга камакка алынган.