Кара-Кулжада 42 жаштагы киши каналга түшүп көз жумду

Бүгүн, 25-апрелде Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылынан агып өткөн каналга 42 жаштагы жаран түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Агын суудан издөө үчүн №66 ӨКБдан 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.