Кара-Кулжада бүгүн сел жүрдү

Алдын ала маалымат боюнча саат 16:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Сары-Булак айыл аймагынын Конокбай-Талаа айылында ички жолдорду жана 3 турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Кулжа райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылды.