Кара-Кулжада дарыяга кулап кеткен Портерден 4 жаштагы бала табыла элек

25-июнда Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында унаа кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 83-чакырымында (Ой-Тал айыл аймагы, Асранбий көпүрөсү) Портер үлгүсүндөгү унаа жарга тушуп кеткен. Унаада Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт айылынын 5 тургуну болгон.

Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар 40 жаштагы эркек кишини жана 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан. Кийин 2 чакырым алыстыктан суунун жээгинен 28 жана 37 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. 4 жаштагы бала табыла элек. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, куткаруучулар суучулдар тартылган.