Кара-Кулжада жол кырсыгынан Матиз оодарылып калып, 3 адам жабыркады

Бүгүн, 24-майда түнкү саат 00:22 чамасында Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда жол кырсыгынан Матиз-3 үлгүсүндөгү унаа оодарылып калып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Жол кырсыгы Кашка-Жол айыл аймагынын Таш-Кыя тилкесинде катталды. Анда жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып кеткен. Натыйжада 3 эркек адам оор жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.