Кара-Кулжада кол салуу болгон милиция кызматкерлеринин бирине операция жасалат

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кол салуу болгон милиция кызматкерлеринин бирине операция жасалат. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы туруктуу.

Бүгүн, 13-январга караган түнү эки милиция кызматкерине белгисиз адам ок чыгарганы маалым болду. Оперативдүү топтун бир мүчөсү кызматтык унаасынын алдыңкы орундугуна отурган кезде ага белгисиз адам ок чыгарган. Унаанын ичинен экинчиси чыккан учурда ага карата да ок атылган. Ок чыгарган адам из жашырууга үлгүргөн. Жабыркаган эки милиция кызматкери тең  учурда ооруканада.

Кара-Кулжа району укук коргоо кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, посттор орнотулуп, “перехват” операциясы жарыяланды. Факты боюнча “киши өлтүрүүгө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши катталды.