Кара-Кулжада сел алып кеткен унаа: Дайынсыз болуп жаткан баланын сөөгү табылды

Бүгүн, 1-июль күнү жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дѳбѳ айылында селге агып, дайынсыз болуп жаткан 2020-жылы туулган Р. уулу Н. сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
30-июнь күнү Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дѳбѳ айылында жаан катуу жаап, Daewoo-МАТИЗ автоунаасын башкарып бараткан 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жергиликтуу тургунун, анын жубайы 1990-жылы туулган Ж. кызы А., уулдары 2012-жылы туулган Р. уулу Р., 2020-жылы туулган Р. уулу Н. жана кызы 2016-жылы туулган Р. кызы А. сел агызып кеткен. Буга чейин ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында 3 жашоочунун жансыз денеси табылган. Жакын туугандарынын эч кимге арыз-доосу жок болгондуктан жансыз денелерге сыртынан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүп берилген. Каза болгон 1988-жылы туулган А.Р. ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон.

Аман калган 2016-жылы туулган кызы Р.А. Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, денесинен алган жараатына медициналык жардам көрсөтүлгөн.