Кара-Кулжада сел суусу унааны агызып кеткен. 3 адам каза болуп, бирөө изделүүдө

Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, бирөө изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 30-июнь күнү саат 22:15 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, Матиз үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен. Ичинде 5 жаран болуп, 1 жаранды жергиликтүү жарандар куткарып, калганын сел алып кеткен. Куткаруучулар 3 жарандын жансыз денесин таап, бирөөсү изделүүдө.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин улантууда.