Кара-Кулжада селдин кесепетинен 200дөн ашуун тургун көчүрүлдү (видео)

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жүргөн сел боюнча маалымат таратты.

11-майда болжол менен саат 03:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 57-60-чакырымдарында жүргөн. Жол каттамы саат 13:30да ачылган. Ушул эле күнү күнү саат 05:20 чамасында Кара-Кулжа районунун аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Кочкор айыл аймагынын Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарында тоо бетинен, кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары турак жайларды каптаган. Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 10-17-20-чакырымына сел агындылары түшүп жол жабылган, тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жол каттамы ачылган. Ылай-Талаа — Түшүнүк унаа жолунун 15-чакырымындагы Насирдин айылындагы унаа көпүрөнү 10-май күнү сел алып кеткен, жол каттамы жабылган. Айланма жолду ачуу боюнча жумуштар, атайын техникалар Кара-Кочкор айыл аймагына тартылгандыктан убактылуу токтотулган. Кара-Кулжа-Ак-Кыя жол каттамынын 1-3-чакырымдарында селдин кесепетинен шагыл аралаш куюлмалар түшүп жол жабылган.

Сары-Булак айылынын Таштак чегинен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күчү менен 50 кожолук 200дөн ашуун тургун Кара-Кочкор айылындагы Исмаилов атындагы орто мектебине жана туугандарына эвакуацияланган.