Кара-Кулжада унаа алдында калган жаран көз жумду. Айдоочу качып кеткен

Кара-Кулжада жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

9-апрель күнү саат 22:05 чамасында Кара-Кулжа районунда ошол эле айылдын 1969-жылы туулган тургунун айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаран ошол жерде каза болгон. 10-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, кармалды. Айдоочу ошол эле айылдын тургуну, унаасы кызыл түстөгү Хонда-HRV болгон.