Кара-Суудагы базарда эки кабаттуу ашкана күйүп кетти (сүрөт)

8-май күнү саат 21:09 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы соода базарда контейнерден жасалган эки кабатуу ашкана күйүп кетти. Маалыматка караганда, контейнер “Самара” соода базарында жайгашкан. Өрт саат 21:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.