Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери жасалма акча сатууга аракеттенген 2 жаранды кармашты. Алардын жанынан 57 даана 100 долларлык жасалма купюра табылган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында ири суммадагы жасалма АКШ долларларын сактап жана сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган. Бул факты катталып, текшерүү иштери башталган. Ошол эле күнү Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагында ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда жасалмаланган ири өлчөмдөгү долларларды сатууну көздөгөн Алай районунун 36 жаштагы тургуну кармалып, анын жанынан шек саналган 50 даана 100 долларлык купюралары жана бул кылмышка шектелген Жалал-Абад облусунун тургуну кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 7 даана 100 долларлык купюралары табылган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошону менен бирге, далил буюм катары алынган жалпы 57 даана шек саналган доллар купюраларын сатууга аракет жасаган жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Алар кармалып, камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.