Кара-Суу райондук паспорт столунун башчысы пара менен кармалды

19-июнда пара алып жаткан жеринен Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калкты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндө, тактап айтканда Ош облусунун Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчилик тарабынан акча талап кылуу фактысы аныкталды. Маалым болгондой, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Р.М. Кыргыз Республикасынын паспортторун берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандардан опузалап акча талап кылган. Бул фактынын негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүнө («опузалап пара талап кылуу») ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада Т.Р.М. 750 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.