Кара-Суу районунда 127 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Текшерүүдө 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 гектар аянтты түзгөн жер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган. Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 миллион сомду түзгөн 127 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.