Кара-Суу районунда 75 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

28-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну кармалды. Кармалган жарандан далил буюм катары окуя болгон күнү кийип жүргөн канга боёлгон кийимдери жана маркумдун денесине жараат келтирген кылмышка шектүүнүн колунун изи калган бышык кыш алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Кылмышка шектүүгө карата Кара-Суу райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айга камака алуу чарасы тандалды. Ал Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
18-декабрь күнү саат 02:20 чамасында милицияга кабар келип түшүп, Сарай айыл аймагынын Киров айылындагы кароосуз калган турак жайдан 70-75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Ал Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, жансыз дененин эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында жана денесинде алган жаракаттарынын оордук даражасын тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.