Кара-Суу районунда 26 үйдү, мектепти жана бала бакчаны сел каптаган

Кара-Суу районунда сел 26 үйдү, мектепти жана бала бакчаны каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 8-май күнү Мады жана Катта-Талдык аймактарында катуу жааган жандын кесепетинен Баш-Булак айылында сел суулары жүрүп, 26 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун ичин каптаган. Ошондой эле, Кыргызчек айылында сел суулары жүрүп, турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам топ жана 13 куткаруучу тартылып, бүгүн, 9-май аба-ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталды.