Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолуп келген сел суулары Ош-Гүлчө-Иркештам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки авто унаа жолдоруна кум шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.
Сел суулары токтоп турган 2 авто унааларын агызып кеткен. Андан сырткары турак-жайлардын короо сарайларына жана жер төлөөлөрүнө сел суулары кирген.