Бүгүн Кара-Суу районунда үй өрттөндү (фото)

Бүгүн, 6-августта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Алдын ала маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 9:59да чектөөгө алынды. Тилсиз жоону өчүрүү иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.