Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматнан билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалган. «Кара-Суу РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты кылмыш жоопкерчилигине тартууга Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сомун алуу учурунда тергөөчү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.