Кара-Сууда 1-класстын окуучусун зордуктаган жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды

Кара-Суу районунда 1-класстын окуучусун зордуктаган жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББден билдиришти.

9-апрель күнү саат 20:00 чамасында Ош ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун Кайрагач айылынын 7 жаштагы тургуну талаа аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда белгисиз жаран тарабынан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча кылмыштын бетин ачуу боюнча кечиктирилгис ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. 10-апрелде Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, ал Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен моюнуна алган, ошондой эле тийиштүү буюм далилдер алынган жана убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жабырлануучу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу. Ал апасы Орусияда иштеп жүргөнүнө байланыштуу таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Тергөө иштери Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.