Кара-Сууда 10 адамдын өмүрү кыйылган жол кырсыктын себеби айтылып, айдоочу камакка алынды

Кара-Суу районунун аймагында жол кырсыгына кабылып, 10 адамдын каза болушуна себепкер айдоочу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

16-ноябрь күнү саат 11:40 чамасында Кара-Суу РИИБге Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык Мады айыл аймагы менен Шарк айыл аймагынын чектешкен жеринде, тактап айканда Бишкек-Ош унаа жолунун 660-чакырымында болгон. Кара-Суу районунун тургуну — 1986-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Мерседес-Бенц, Кара-Кулжа районунун 35 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Дэу Нексия унаалары Өзгөн багытын карай бара жаткан. Бул учурда Ош шаарын көздөй келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, аталган унаалар менен кагышкан. Кичи автобусту Кара-Суу районунун тургуну — 28 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Ал Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча жүргүнчү ташып иштеген. Кырсыктын кесепетинен 7 адам окуя болгон жерде көз жумса, 3 адам ооруканада каза болгон. Дагы 13 адам ооруканага жеткирилген.

Аталган факты бирдиктүү рестрге катталып, 297-берененин (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жогорудагы каза болгон он жаран Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү эл ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун жүргунчүлөрү болушкан. Мерседес-Бенц Спринтер-313 үлгүсүндөгү ташуучу Ош-Жаңы-Алай багыты боюнча 340-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу соттук-автотехникалык экспертизасынын 2021-жылдын 2-декабрындагы чыгарылган корутундусуна ылайык, жол кыймылынын эрежелеринин 11.1-пункт талаптарын бузгандыгы аныкталган. Топтолгон материалдардын негизинде шектүү катары кармалып, 9-декабрь күнү Кара-Суу райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынды.