Кара-Сууда 120 миллион сомдук мыйзамсыз сатылган жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 120 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Мындай маалыматты Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, Ынтымак айыл аймагында жер мыйзамдарынын аткарылышы текшерилген. Жыйынтыгында айыл өкмөткө караштуу болгон жалпы 3,18 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги боюнча сот органдарынан чечимдер чыгып, бирок аталган жер тилкеси  муниципалдык менчикке каттоого алынбай тургандыгы аныкталган.

Андан соң райондук прокуратура тарабынан Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын башчысына прокурордук жооп актысы келтирилген. Жыйынтыгында жалпы аянты 3,18 гектар жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды. Ал учурдагы базар баасы менен 120 миллион сомго бааланды.