Кара-Сууда 2 жаштагы кыз дааратканада чарчап калды

иллюстрация

Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын Абжапар-Ата көчөсүндө жайгашкан №7 турак үйдүн дааратканасына 2019-жылы туулган кичинекей кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине 4 куткаруучу барган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары чыгарып алышкан.