Кара-Сууда 2 жаштагы кызды унаа тепсеп, каза болду

Кара-Сууда 2 жаштагы кыз КамАЗ унаасынын алдында жан берди. Бул тууралуу журналисттерге Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-сентябрда болгон. Мады айыл аймагында унаанын айдоочусу дүкөнгө кирип кеткен. Ошол учурда унаа жылып, 2021-жылы туулган кызды тепсеп кеткен. Кыз ошол жерде көз жумган. Ата-энеси экспертизадан баш тартышкан.