Кара-Сууда 2 кишинин өлтүрүлүп, көмүлүшү. Өспүрүмгө сот өкүм чыгарды

Кара-Сууда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандардын иши боюнча сот өспүрүмгө өкүм чыгарды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан шектүү 10 жылга эркинен ажыратылганын билдиришти.

«Кара-Суу райондук сотунун 7-сентябрындагы өкүмүнүн негизинде өспүрүм адам өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасаган 14 жаштан 18 жашка чейинки балага эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү өзгөчө оор кылмыш үчүн 5 жылдан 10 жылга чейинки жаза белгиленет. 2005-жылдын 16-майында туулган айыпталуучу 18 жашка толо электигин эске алуу менен мыйзамдын талабына ылайык, эң жогорку жаза белгиленген. Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 1-декабрындагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды», — деп айтылат соттун маалыматында.

Ушул жылдын 20-март күнү Кара-Сууда бир күндө дайынсыз жоголгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганы маалым болгон. Ош облустук милициясынан билдиришкендей, шектүүлөр Хонда Фит унаасын ижарага алышып, аны менен такси кызматын көрсөткөндөй болуп, адегенде 20 жаштагы жаранды, кийин 36 жаштагы Ош шаарынын тургунун унаага салып, жолдон акча талап кылышып, жок деген жоопту уккан соң, муунтуп өлтүрүшүп, кийин көмүп коюшкан. 19-октябрда Кара-Суу райондук соту кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсүн өмүр бою эркинен ажыраткан.