Кара-Сууда 5 жаштагы кыз уктоочу бөлмөсүнөн жоголгон. Ал талаадагы унаадан табылды

15-апрель күнү милицияга Ош облусунун 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрелде эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө-иш-чараларды жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суу районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынды. Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда жабырлануучу кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тергөө амалдары уланууда.