Кара-Сууда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын сүрөтү жарыяланды

Учурда соцтармак колдонуучулары Кара-Сууда 5 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандын сүрөтү менен бөлүшүп жатышат. Сүрөттөгү жаран кармалган шектүү экенин Ош ОИИБден тастыкташты.

Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар жаран кармалып, тергөө кызматына камсыз болду. Учурда тергөө кызматы тарабынан тийиштүү аракеттер көрүлүп жатат”,- дешкен.