Кара-Сууда агасы инисин кокусунан тир мылтык менен атып алды

19-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагында талаада 2018-жылы туулган бала денесинен жараат алып, орууканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аны 2012-жылы туулган агасы кокусунан тир мылтык менен ичине атып алгандыгы маалым болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча баланын ички органдары жабыркаган эмес. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.