Кара-Сууда айыл чарба багытындагы жерлерди үй куруу үчүн сатышкан кызматкерлер кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Нариман айыл округунун башчысы, анын шериги, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучусу кармалган.

Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган. 30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда бул ишке башка тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.