Кара-Сууда аккумулятор уурдоо фактысына шектелген жарандар кармалды

9-май күнү Кара-Суу РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда арыздануучуга таандык “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасынын 2 аккумуляторун белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин билдирген. Мындан сырткары Кара-Суу районунун 6 жараны да жүк ташуучу унааларынын аккумуляторлорун белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгы боюнча арыз жазышкан.
Натыйжада арыз ээлерине жалпысынан 211 000 (эки жүз он бир миң) сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 12-май күнү М.А. жана О.А. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары райондун аймагында кармалышкан. Уурдоо фактысына тиешелүү далил буюм катары 13 даана жүк ташуучу унааларга таандык аккумуляторлор алынган.
Учурда жалпы 7 факт уурулук кылмышы менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.