Кара-Сууда алты жаштагы кызды өзгөчө мыкаачылык менен зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Кара-Сууда алты жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен шектүү алты жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген. Натыйжада Ош облустук сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, шектүүгө карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.