Кара-Сууда аялды 2 эркек күч колдонуп унаага салып кеткен. Анын бири күйөөсү болуп чыкты

Аялды эркине каршы ала качып кетти деген жаран аялдын өмүрлүк жолдошу болуп чыкты. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

10-апрелге караган түнү Кара-Суу райондук милициясына телефон аркылуу Кызыл-Байрак айылында эки жаран бир аялды күч колдонуп унаага салып кеткени тууралуу маалымдашкан. Бул факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө, Ош шаарынын 31 жаштагы аял тургуну такси менен Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылына барганда, анын 33 жаштагы жолдошу автоунаасы менен артынан келип, такси менен бара жаткан аялын токтотуп, көчөдө күч колдонуп өзүнүн автоунаасына салып кеткени белгилүү болгон.

Аял милиция кызматкерлерине окуяны «биздин өз-ара үй-бүлөлүк чыр-чатак» деп түшүндүрүп, жолдошунун үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан жана бул боюнча акт түзүлгөн.

Бул жагдай боюнча чогултулган материал Жазык Кедексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.