Кара-Сууда дарыянын жээгинен жансыз денеси табылган жарандын өздүгү такталды

10-апрелде Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен денеси табылган эркек кишинин ысымы аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 10-апрель күнү аталган факт боюнча сотко чейинки иш ачылган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүүдө. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Маркум Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Озгур айылынын 1990-жылы туулган тургуну С. уулу Ө. экени маалым болду. Ал 2017-жылдан баштап психикалык абалына байланыштуу каттоодо турган. Акыркы учурда ага көңүл бурулбай, өз маалында дарыланбай калганы аныкталган. Апасы каза болгон. Атасы О.С. 66 жаштагы пенсионер. Маркумдун үй-бүлөсү жок. Ал атасы менен бирге жашап келген»,- деп айтылат маалыматта.