Кара-Сууда дүкөндөрдөн азык-түлүк уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды

Кара-Сууда дүкөндөрдөн уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга 1963-жылы туулган Савай айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 12-январга караган түн ичинде азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз жарандар кирип, 1 даана ККМ апаратын жана 14 миң 900 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кетишкендигин билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Ууурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында, 10-февраль күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1981 жана Кара-Суу шаарынын 2009-жылы туулган жарандары кармалып, камакка алынды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, оңой акча табуу максатында дагы башка 2 дүкөнгө киришип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендиги аныкталды. Жарандарга келтирилген зыяндын жалпы болжолдуу суммасы 52 миң сомду түзгөн. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.