Кара-Сууда эки ай мурда унааны уурдап качышкан. Шектүү кармалды

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-августтан 18-августка чейинки аралыкта ага таандык болгон Мерседес Бенц-211 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз атуулдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 211-берененин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 24-октябрь күнү Кара-Суу РИИБдин Шарк Аймактык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 27 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү унааны айдап качкандыгы аныкталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.