Кара-Сууда жансыз денеси табылган 9 жана 7 жаштагы балдар бир тууган болушкан

Кара-Сууда жансыз денеси табылган 9 жана 7 жаштагы балдар бир тууган болушкан. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

11-июль күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылынан агып өткөн Южный каналына 2014 жана 2016-жылы туулган балдар түшүп кеткен. 12-июль күнү эртең менен Кара-Суу району боюнча өздүк курамына «Айгай» жарыяланып, издөө иштеринин натыйжасында саат 11:06да 2014-жылы туулган баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Саат 11:32де 2016-жылы туулган баланын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.