Кара-Сууда жолдон өтүп бара жаткан 84 жаштагы карыяны унаа сүзүп кеткен. Ал ошол жерде көз жумду

Кара-Суу районунун Учкун айылында ошол эле айылдын 84 жаштагы тургуну жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБ боюнча жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 18-декабрь күнү саат 20:25те Учкун айылында Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Хундай Аванте үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, рулду башкара албай, жолдун оң тарабынан сол тарабына өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.