Кара-Сууда кайнатасына 10 жолу бычак сайып өлтүргөн шектүү кармалды

Кайнатасын өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИББден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-апрель түнү Кара-Суу райондук милицияга Нариман айыл өкмөтүнүн ВЛКСМ участкасында жашаган жубайлар курч нерседен жараат алып ооруканага кайрылганы маалымдалган. Жерине барган тергөө топ төмөнкүлөрдү тактаган:

6-апрелде болжол менен саат 23:20 чамаларында Нариман айыл өкмөтүнүн ВЛКСМ участкасынын тургунунун үйүнө анын 30 жаштагы күйөө баласы өз балдарын көрүү максатында барган. Аны кайнатасы үйгө киргизбей, экөө уруша кетишкен. Күйөө баласы аялын коркутуу үчүн сала чыккан ашкана бычагы менен кайнатасын далысына 2 жолу, көкүрөк тарабына 3 жолу, сол колуна 3 жолу, моюнуна 1 жолу, ичине 1 жолу бычак менен сайган. Аларды ажыратмакчы болгон кайненесин ич тушка 2 жолу сайып жиберген.  Алган жаракатынан кайнатасы 7-апрелде ооруканада каза болгон.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Он-Адыр участкасынын Лангар көчөсүнүн жашоочусу,  кылмышка шектүү кылмыштын изи сууй электе  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.