Кара-Сууда катталган жол кырсыкта 4 адам каза болгону айтылууда

Ош-Алай унаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 3-сентябрда Кара-Суу районунун Талдык айылында катталган. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 3 жүргүнчү каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык такталып жатканын билдиришти.