Кара-Сууда келиндин жансыз денеси сандыктан табылды. Кылмышка күйөөсү шектелүүдө

Милиция кызматкерлери Кара-Суу районунда оор кылмышка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

14-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип, Өзгөн районунун аймагында кармалды. Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Алдын ала териштирүү учурунда төмөндөгү жагдайлар белгилүү болгон:

1-декабрь күнү милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун тургунунун жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүнөн табылгандыгы тууралуу айтылган. Аталган факты Кара-Суу РИИБге катталган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы келиндин жансыз денеси жаткан үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктан табылган.

Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашашканы айтылууда.