Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканада жаткан окуя боюнча милиция маалымат берди

Бүгүн, 28-январда бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары Ошто ок атышуу болуп, 2 адам ооруканада жатканын жазышты. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

27-январь күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Мересед-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага кайрылышкан.

27-январь күнү саат 22:11 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы жаран ич тарабынан жана 21 жаштагы жаран бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (каракчылык) кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 23:21 чамасында Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган. Учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.