Бүгүн, 3-февралда Ошто жеке ишкерлер, октон жаракат алып ооруканада жаткандардын жакындары жана жактоочу маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Алардын айтымында, каракчылык жасагандар соодагерлердин ири суммадагы акчасын тоноого үлгүрбөй, качып кетишкен. Акча Бишкек шаарына жеткирилгенден кийин ИИМдин кызматкерлери аны «контрабанда» деген жүйө менен алып, Бишкектеги банктардын бирине коюп коюшкан. Ал эми жыйын өткөргөндөр ал акча Кара-Суу базардагы ишкерлердики экенин айтты.
«Ишкерлер товарды чет өлкөдөн алып келишет. Бул жердеги жигиттердин баары Кара-Суу базарында соода менен алектенишет. Бул жигиттер бизнес баштаганда Дубай, Кытай, Түркияга барып, ал жактан шериктерди таап, иштеп баштагандар болуп саналат. Ошентип мурда 10 адам акчаны чет өлкөгө алып чыгып, товар алып келсе, кийинчерээк баарынын акчасын бир адам ташый турган болгон. Соодагерлердин акчасын Сайфидин Рузиев алган. Товарды сатып алууда, акчаларды жеткирүүдө ушул киши аркылуу иш жасап келишкен. Аталган жагымсыз окуя боюнча азыр 4 кылмыш иши бар. Тергөөнүн сыры дегенди билесиздер, ошонун негизинде бардык эле маалыматтарды ачыктоого болбойт. Бул соодагерлер кезектеги акчасын топтоп, Сайфудин Рузиевге берген. Ал шеригине акчаны берип, Бишкекке жөнөткөн. Бишкекте дагы ушундай эле бир топ бизнесмендердин акчасы топтолгон болот. Бул жактан барган акча менен Бишкектеги топтун акчасын бириктирип, эки киши чогуу учуп, акчаны чет мамлекеттеги даректерге жеткирип жүрүшкөн. 27-январь күнү кечинде ушул соодагерлердин акчасын алып баруучу эки жигитке кол салуу болуп, бирок акчаны ала алышкан эмес. Ал балдар жараат алып, ооруканада жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, ошол каракчылардын колуна түшпөй калган акча Бишкекке жеткирилип, ал жактагы ушундай эле соодагерлердин акчасы менен бирге чет мамлекетке учуп кетерде мамлекеттик органдар «бул контрабандалык акча» деп акчаны алып коюшту. Ошол акчаны алып кетип жаткан кишилерди да камап, кылмыш ишин козгошту. Бул расмий декларациясы бар мыйзамдуу акча болгон. Өлкө жетекчилеринен акчаны кайтарып берүүнү суранабыз», — деди маалымат жыйынга катышкандардын бири.
- 27-январь күнү милицияга Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Нариман айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага кайрылышкан. Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы жаран ич тарабынан жана 21 жаштагы жаран бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (каракчылык) кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 23:21 чамасында Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.