Кара-Сууда ок жеген жарандын окуясы. Экспертиза менен жабырлануучунун көрсөтмөсү дал келбей жатат

Кара-Суу районунун Даңги участкасында ок атуучу куралдан жараат алган жарандын окуясы кылдат текшерилип жатат. Бул туурасында Ош облустук ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 9-январында түштө Кара-Суу районунун Маданият айылынын 30 жаштагы тургуну белгисиз ок атуучу куралдан жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Бул факты ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган өндүрүш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суралган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, ал жаран окуя болгон күнү кийген курткасындагы, жемпириндеги жана майкасындагы тешиктер ага TOЗ-8, TOЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу карабин же мылтыктан жакын жерден атылганын көрсөткөн. Жабырлануучу өзүнүн берген көрсөтмөсүндө өзү жалгыз Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен короосуна жылкыларынан кабар алганы барганын, короонун астында адырларга көз чаптырып турган убакта ичине бир нерсе киргендей болуп ысып кеткенин, кандай добуш чыкканын эстей албай турганын, 2-3 мүнөт жерде отурганын, кийин унаасын айдап чыгып, кошунасын көрүп калып, андан ооруканага жеткирүүнү суранганын билдирди. Ал аны облустук ооруканага жеткирген.

«Жогорудагы жагдайларда азыркы учурда аталган окуя боюнча жабырлануучунун берген көрсөтмөсү менен экспертизанын жыйынтыгы карама-каршы болуп, жабырлануучунун көрсөтмөсү (жабырлануучу ок алыстан келип тийди деп кѳрсѳтмѳ берген) чындыкка дал келбей жаткандыктан, окуянын чыныгы жагдайын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти облустук милициядан.