Кара-Сууда окуучу балага кол көтөргөн мугалимге сөгүш жарыяланды

Ош облусунда окуучу баланын кулагынан чоюп койгон мугалимге сөгүш жарыяланды. Кара-Суу районундагы Мамасалы Тешебаев атындагы орто мектебинин директору Гүлшайыр Карамованын журналисттерге билдиргенине караганда, окуя боюнча атайын жыйын өткөрүлүп, мугалим окуучунун ата-энесинен кечирим сураган.

«Мугалимдин көптөгөн алкыш баракчалары болгондуктан, алар эске алынып, алгач сөгүш берилди. Мындай кайталана турган болсо анда жумуштан четтетилет», — деп түшүндүрдү Карамова. Анын айтымында, 8-класстын окуучусу эч ким жокто мугалимдер бөлмөсүнө кирип, класстык журналды барактаган. Муну дене тарбия мугалими көрүп калып, тарбиялык максатта окуучунун «кулагынан ушалап» койгон.

Окуя 13-апрелде болгон. Окуучу Кара-Суу аймактык балдар ооруканасына жаткырылып, учурда үй шартында дарыланып жатат. Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Милициядан аталган берене боюнча мугалимге айып пул салына тургандыгын билдиришти. Аталган берене боюнча мыйзамда 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул каралган. Ош ОИИБиден окуучунун денесиндеги жаркаттарын аныктоо боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын натыйжасында айып пулдун өлчөмү белгиленерин айтышты.