Кара-Сууда өлтүрүлүп, жерге көмүлгөн эки адам. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды

Кара-Сууда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жарандардын иши боюнча сот өкүм чыгарды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан шектүү өмүр бою эркинен ажыратылганын билдиришти.

Маалыматка караганда, сот өкүмү 19-октябрда Кара-Суу райондук соту тарабынан чыгарылган.

Ушул жылдын 20-март күнү Кара-Сууда бир күндө дайынсыз жоголгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганы маалым болгон. Ош облустук милициясынан билдиришкендей, шектүүлөр Хонда Фит унаасын ижарага алышып, аны менен такси кызматын көрсөткөндөй болуп, адегенде 20 жаштагы жаранды, кийин 36 жаштагы Ош шаарынын тургунун унаага салып, жолдон акча талап кылышып, жок деген жоопту уккан соң, муунтуп өлтүрүшүп, кийин көмүп коюшкан.